Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Нарын облусуНарын району 08.01.2019 17:58

Нарындын Миң-Булак айылында муз аянты ачылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Миң-Булак айылында муз аянтчасы ачылып, ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдын жаш активисти Каниет Арипов билдирди.

Анын айтымында, муз аянтчасын ачууну айыл башчысы, жаштар жана мектеп директору демилгелеген.

«Жаңы жылдын башталышы менен айыл элине, окуучуларга, деги эле жаштарга жакшы маанай тартуулоо, эс алуусуна шарт түзүү жана аларды спортко тартуу максатында муз аянты ачылды. Ачылганда эле жаштар кубануу менен кабыл алышты. Коньки да алынып келинген. Жаңы курулган мектептин жанындагы 3 сотыхдай жерге муз тоңдурулду. Учурда 25 коньки алынды. Окуучуларга саат 11:00дөн 16:00гө чейин, чоңдор үчүн саат 16:00дөн 20:00гө чейинки убакыт бөлүнгөн», - дейт активист К.Апиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.49% (818)
«РСК Банк»
31.42% (509)
«Капитал Банк»
5.74% (93)
...
Всего голосов: 1620
×