Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуНарын району 08.01.2019 10:43

Нарындын алыскы Жер-Көчкү айылындагы 121 турак үйдүн ичине таза суу кирди (сүрөт)

Turmush -  2019-жыл аралыгында Кыргызстандын аймагында 80ге чукул айылдагы таза суу маселеси чечилет. Бул тууралуу Таза суу менен камсыздоо департаментинин директору Аскарбек Токтошев журналисттерге маек берүү учурунда билдирди.

Маалым болгондой, 6-январда Кара-Кужур айыл аймагынын Жер-Көчкү айылында 10 млн 400 миң сомго таза суу чыгарылып, анын ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземине Таза суу департаментинин директору Аскарбек Токтошев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышышты.

Таза суу департаментинин директору Аскарбек Токтошев журналисттерге берген маегинде 2018-жыл аралыгында Кыргызстан боюнча көйгөйлүү деп саналган 43 айылдын маселеси чечилгенин, быйыл 2019-жыл аралыгында 80дей айылда таза суу маселеси чечиле тургандыгын билдирди.

«Баардыгыбыз билгендей, Кыргызстан боюнча таза суу маселеси орчундуу маселелердин бири. Биздин президент дагы ушул маселени коюп жатат. 2023-жылга чейин Кыргызстан боюнча таза суу маселесин чечүү каралууда. Кыргызстанда 653 айылдын таза суу боюнча маселеси бар деп жүрөбүз, анын бири Жер-Көчкү айылы болчу. Айылды таза суу менен камсыз кылып, жалпы 121 турак үйдүн бардыгына таза суу кирди.

Нарында 24 айылда гана таза суу көйгөйлүү маселе деп жүрөбүз. Калган жерлерде бул маселе мурда чечилип, таза суу бар. Бирок ошого карабастан 42 айылдагы таза суу маселесин чечели деп чечтик. Азыр Азия өнүктүрүү банкынан дагы өкүлдөр келе жатышат. Алар буга чейин бир топ жолу келип кетишкен. Ошондо 25,7 млн долларлык долбоор ишке ашып, 42 айылда таза суу маселеси чечилгени турат.

Айтор 2023-жылга чейин бир эле Нарын облусу эмес Кыргызстан боюнча таза суу маселеси чечилет. Жылдын жыйынтыгы менен республикалык бюджеттин эсебинен быйыл 25 айылда таза суу маселеси чечилди. Ал эми "Ала-Тоо" программасынын донорлору менен 18 айылда таза суу маселеси чечилди. Ошондо Кыргызстан боюнча жалпысынан 43 айылдагы сууга байланыштуу көйгөйлөр жоюлду.

Быйыл буюрса Кыргызстан боюнча 80 айылдын таза суу маселесин чечели деп турабыз», - деди Таза суу менен камсыздоо департаментинин директору Аскарбек Токтошев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×