Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуНарын району 07.01.2019 16:12

Нарындын Жер-Көчкү айылына таза суу берилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Кара-Кужур айыл аймагынын Жер-Көчкү айылына таза суу берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 6-январда Кара-Кужур айыл аймагынын Жер-Көчкү айылында 10 млн 400 миң сомго таза суу чыгарылып, анын ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземине Таза суу департаментинин директору Аскарбек Токтошев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышышты.

Аталган Жер-Көчкү айылы тоолуу аймактардан болгондуктан буга чейин таза сууну айылдыктар агын суулардан ичип келишкен. Айылга таза суунун берилиши менен ар бир түтүн үйлөрүнүн ичине таза суу киргизип алышты.

«10 млн 400 миң сомго таза суу киргизилди. Район боюнча 36 айыл болсо анын 6 айылында таза суу жок эле. Быйыл 2 айылына таза суу кирип, дагы 4 айылга таза суу кирүү алдында турат. Айылдар кеңейип кеткендигине байланыштуу суу тартыш маселелери жаралган. Аны жоюу иштери башталат. Бул таза суу берүү иштери мамлекеттин эсебинен бүткөрүлдү», - деди район акими С.Черикбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×