Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуНарын району 05.01.2019 10:08

Нарындын Чар жайлоосунда кышкы туристтик мезгил ачылды (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Чар жайлоосунда жайгашкан кышкы эс алуу жайында туристтик мезгилдин ачылыш иш-чарасы болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана эс алуучулар катышты. Район акими Семетей Черикбаев кышкы мезгилдин ачылышы менен куттуктап, алдыдагы туристтик мезгил убагытындагы иштерге токтолду. Ал эми эс алуу жайынын башчысы Исабек Абдыгазиев эс алуучуларга түзүлгөн шарттар туурасында айтып берди. Андан соң катышуучулар арасында мүшөк кийип чуркамай жана баллон сүйрөмөй, аркан тартыш сыяктуу оюндар уюштурулуп, табият койнунда көңүлдүү эс алышты. Ошондой эле оюнга активдүү катышкандарга акимдин кызыктыруучу сыйлыктары тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×