Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Нарын облусуНарын району 29.12.2018 14:22 Жаңыланды: 30.12.2018 13:07

Тагдыр: 36 жыл үйдө отурган Г.Исаева коомчулукка аралашкан күнүн эч унутпайт (фото)

Turmush -  Нарын районунун Казан-Кабан айылынын 41 жаштагы тургуну Гульбарчын Исаева майыптык араба отурганына карабай, коомдук иштерге активдүү катышып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 36 жашка чейинки убактысын үйдө өткөргөн.

«Ата-энемдин айтымында, 9 айымда сасык тумоо болуп катуу ооруп, ал өтүшүп кеткендиктен полиомиелит деген дартка чалдыгыптырмын. Кичинекей кезимен бери майыптык арабада отурам. Ден соолугума байланыштуу окуган жокмун. 3-класска чейин ата-энемдер мугалим жалдап министерликке чейин кайрылышыптыр. 3-класска чейин гана окудум. Андан кийин 36 жашка чейинки убактым үйдө өттү. Үйдө жөн отурбастан аялзатына тиешелүү кол өнөрчүлүктү үйрөндүм. Түймө түйүп, курак курап жүрдүм. Эч жерде иштеген жокмун, бирок коомдук иш-чараларга, тренингдеге катышып келем. 36 жашка чейинки убактым үйдө өттү», - дейт ал.

Анын айтымында, ал биринчи жолу коомчулукка аралашкан күнүн эч унутпайт.

«2013-жылы Гүлмира Казакова аттуу эже мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндерге ар тараптан колдоо көрсөтүп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын фестивалын уюштурду. Ошол эже таланттуу адамдардын долбоорун уюштуруп, Каракол шаарында фестиваль өткөргөн. Мен дагы чакырылып, биринчи жолу катышып, коомчулукка алгачкы ирет аралашкам. Ошондо менин жашоомдо чоң өзгөрүүлөр болду, эстен кеткис күн болду. Менде кызыгуу жана ишенич пайда болду. Кийин Нарын шаарындагы Шарпа Тактарова деген эже уюштурган кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө жасаган буюмдарымды чыгарып, аны сатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бишкекке бат-баттан бара баштадым. Жыл сайын ар кайсыл жакта өткөн фестивалга катышып жүрдүм. Быйыл фестивалдардын гала-концерти спорт ордосунда өттү. Концертте комуз чертип, 2-орунду алдым.

Депрессияга түшпөө үчүн, өзүмдү алаксытып комузга, ыр дүйнөсүнө аралашып келем. Ыр жазам, быйыл поэзия жатында ырларды жарыкка алып чыктым. «Тагдыр каармандары» аттуу ырлар жыйнагына менин 10 ырым кирген. «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан поэзия кечээси өтүп, мен жана башка 3 акындын Сакун Сатыбалдиев, Жумакан Жаркулова, Сапарбек Муратов агайдын поэзия кечеси болду», - деди ал.

Ошондой эле, ал пандустардын жоктугу ага кыйынчылык жаратарын айтат.

«Элдер ар кандай реакция кылат. Акыркы жылдары адамдардын аң сезими өзгөрүлгөндүктөнбү көбү жардам берүүгө аракет кылышат. Иш-чараларга катышканы барганда пандустар жок, кыйынчылыктарга дуушар болом. Башка адамдардан жардам сураганга туура келет.

Эң биринчи сахнага чыгып, ырдагандагы катуу толкунданганым жашоомдо эсте каларлык окуя болду. Себеби мен сахнада ырдоо мен үчүн жөн гана ишке ашпаган ой деп ойлочумун. Комуз алып ырдап, көпчүлүккө аралашчу эмесмин. Үй шартында өзүм үчүн гана ырдап калчумун. 2017-жылы «Ырдагым келет» телеберүүсүнө катышып, өнөрпоздор менен ат салыштым. Алардын арасынан эң көп СМС топтоп, финалга чыгып, 1-орунду багындырдым. Бул мен үчүн күтүлбөгөн белек болуп, эң бактылуу учур болду. Өзүмдү ажайып дүйнөдө жүргөндөй сезгем. Мындан тышкары, сүрөт көргөзмөлөргө катышып турам. Жакында эле Гүлзанат Жаркынбаеванын долбоору боюнча фотостудияга барып, фотосессия кылдык.

Үй-бүлөдө 6 бир туугандын улуусумун. Ата-энем пенсионерлер. Бир туугандарым үй-бүлө курушуп, өз жолдорун табышкан. Бош убактымда көбүнчө комуз чертем, ыр жаттайм. Маникюр жасайм. Өз алдымча жашап, иштеп аракет кылайын деп жатам. Келечекте кол өнөрчүлүк боюнча өнөркана, ишкана ачсам деген тилегим бар. Көмөктөшкөн адам болсо өзүм чыгарган ырларымды жаздырып, клип тарттырсам деген тилегим бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.49% (818)
«РСК Банк»
31.42% (509)
«Капитал Банк»
5.74% (93)
...
Всего голосов: 1620
×