Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Нарын облусуНарын району 28.12.2018 10:51 На русском

«Жалган протокол жокко чыгарылсын»: Миң-булактыктар Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштетүүгө каршы (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Миң-Булак айылынын тургундары Солтон-Сары жайлоосундагы алтын казуу ишин жүргүзүүгө каршы чыгып, жалпы жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Учурда «Чжун Дьжи Майнин компани» («Jhong ji Mining company») компаниясы жол куруу иштерин баштаган. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, эл буга макулдугун берген эмес. Компанияга нааразы болгон жашоочулар кен иштетүүгө каршы чыгышты.

«Кытай компаниясына жалган макулдуктарды протоколго киргизип, чечим чыгарып берген өкмөт бул ишине жооп бериши керек. Жайлоону жайына коюп, жайыт бойдон калтырышсын. Өкмөт кытайлыктарга комбинат салууга уруксат берген кагазын бериптир. Ошол документти жокко чыгаруу үчүн чогулуп отурабыз. Жалпы эл алтын кенди иштетүүнү токтотууну өкмөттөн талап кылып жатабыз», - деди жашоочулар.

Нарын районунун акими Семетей Черикбаев бул маселеде элдин кызыкчылыгын, иштин мыйзамдуулугун кайрадан карап, аны чечүү үчүн айыл өкмөт башчысы менен бирге компаниянын юристтери менен жыйын өткөрүп жатканын билдирди. Ал бүгүнкү нааразычылык жыйынындагы жергиликтүү элдин үнүн өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнө жеткирерин кошумчалады.

Миң-Булак айылынын тургуну Кубанычбек Эсенов: «Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде түшүндүрүү ишин жүргүзөбүз деп район акими, облус башчы барганда Макмалда комбинат өрттөнгөн. Алар ошондой кызыл кандуулук болбосун деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө келишкен. Протоколдо жазылган маалымат боюнча 150 киши катышыптыр. Бирок сүрөттөрдө жана видеолордо 100 кишиге чыкпаган эл менен жыйналыш өткөнү көрүнөт. Протоколдор толук кандуу бурмаланган. Ал жерде биздин эң көйгөйлүү болгон маселебизди өздөрүнүн пайдасына чечип кетишкен. Кытай компаниясына 150 киши макулдугун берди деп протоколго таянып, айылдык кеңеш чечим чыгарып беришкен. Булар 2008-жылдагы алган лицензиясына таянып, инфраструктура жана куруу обьектилердин бардыгын бүткөрүүгө уруксат берилсин деп чечим чыгартып алып, жол куруу иштерин башташты. Бул боюнча Миң-Булак, Өрнөк, Күйбышев, Кара-Кужур элинин эч кандай кабары да болгон эмес. Эмне үчүн элге ачык-айкын келип түшүндүрүп беришпейт? Протоколго макул деп жазылган жаштарыбыз ошол жерде кыйкырып, каршылыктарын билгизишкен экен. Бирок протоколго жалган маалымат жазылып жатат. Мына бул акыйкатсыздыктын белгилери. Туура эмес токтом, протоколдорду жокко чыгарып, булардын ишине каршыбыз деген демилге менен бүгүнкү жыйналышты уюштуруп жатабыз», - деди.

Жыйынга келген аксакалдар, жаштар бул маселени өз убагында чечип, жалган протоколду жокко чыгарып берүүнү талап кылышты.

Ошондой эле жыйынга айыл жаштары саясатчы Адахан Мадумаровду бул маселе боюнча оюн айтууга чакырышкан.

------------------------------------------------------------------------------

Буга чейин Нарын районундагы Солтон-Сары аймагына алтын комбинатын куруу боюнча меморандумга кол коюлган.

Маалым болгондой, 28-июнда «Нарын — Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн» VI эл аралык инвестициялык форумда Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Семетей Черикбаев менен «Чжун Дьжи Майнин компани биргелешкен кыргыз-кытай компаниясынын» ЖЧКсынын генералдык директорунун орун басары Чжон Жени кызматташуу жөнүндө меморандумга, тактап айтканда Солтон-Сары жайлоосундагы алтын комбинатын куруу боюнча 100 млн долларлык келишимге кол коюшкан.

Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен 2012-жылы лицензия алган «Jhong ji Mining company» компаниясынын жүргүзгөн алгачкы иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 1500 гектар жерде 10 тонна 52 кг алтын бар. Комбинаттын курулушу болсо 2018-жылга пландалган. Компания жерди убактылуу пайдаланыш үчүн 2030-жылга чейин мамлекеттен уруксат алган.

Ушул жылдын 15-майында Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында жүзгө чукул киши чогулуп, Солтон-Сары жайлоосуна алтын комбинатын курууга каршы чыгышкан болчу.

Жергиликтүүлөр Солтон-Сары жайлоосуна алтын комбинат курулса, ишканадан чыккан саркынды суу жайлоонун суусуна кошулуп, ал сууну мал-жандыктар жана ошол аймактагы малчылар ичип, ден соолукка чоң зыян тийгизерин айтышкан.

«Мындан сырткары комбинаттан чыккан калдыктарды сактоочу жай да адам өмүрүнө кооптуу», - деп билдиришкен элеттик тургундар.


Кийинчерээк Нарын районуна караштуу Солтон-Сары жайлоосунда 1500 гектар жерде 10 тонна 52 кг алтын запасы бар жерге «Jhong ji Mining company» компаниясы тарабынан комбинат курууга каршы чыгып жаткан жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүү, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, облус башчысы Аманбай Кайыпов аталган аймакка комбинат курула тургандыгын айткан. Ошондой эле «Jhong ji Mining company» компаниясы тарабынан Миң-булак айыл өкмөтүнө 20 млн сом, Эмгекчил айылына 13 млн сом бериле тургандыгын билдирген.
«Ушул сыяктуу кендер Ат-Башыда, Ак-Талаада жана Кочкордо бар, кендерди иштетип айыл жерине, мамлекетке салымдарды кошуш керек. Ушул эле комбинат курулса 250 орундук жумуш орду түзүлгөнү турат, адамдар жумуш орду менен камсыз болгону жакшы да. Миң-булактан 120, Эмгекчилден 120 киши жумуш менен камсыз болот, расмий түрдө иштешет. Бюджетке каражат түшөт, мына биз дагы азыр район акимдери менен тоо-кен саясатын жүргүзөлү деп жатабыз. Мындан башка ташкөмүр казганга дагы жергиликтүү айыл өкмөттөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деген А.Кайыпов.





Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×