Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Нарын облусуНарын району 27.12.2018 09:57

Нарын районунда «Кош жылдыз» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунда «Кош жылдыз» кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынактын максаты, эл арасындагы өнөрпоздорду табуу жана жаштарды ыймандуулукка, мекенчилдикке тарбиялоо болуп саналат. Ага райондогу мекеме-ишканалардын, айыл аймактардын жетекчилеринин арасынан тандалып келген 6 жуп катышты. Сынактын жүрүшүндө анын катышуучулары калыстар тарабынан берилген тапшырмаларды так аткарып, өздөрүнүн мыкты даярдыкта келишкенин көрсөтүштү.

Жыйынтыгында калыстардын чечими менен 1-орун Нарын райондук мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Султан Нурмамбетов менен Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Роза Томотоевага, 2-орун райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысынын орун басары Жаңыбай Ыкласов менен райондук статистика башкармалыгынын кызматкери Чынара Орозказиевага, 3-орун №30 кесиптик лицейинин директору Абас Бектемиров менен Ө.Токтосунов атындагы орто мектебинин мугалими Жайна Келдибек кызына ыйгарылды. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана баалуу белектер берилди. Аларды район акими Семетей Черикбаев куттуктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.49% (818)
«РСК Банк»
31.42% (509)
«Капитал Банк»
5.74% (93)
...
Всего голосов: 1620
×