Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуНарын району 28.12.2018 23:30

Айыл турмушу: 21 жаштагы спорт чебери Ж.Бакытбековдун окуучулары таэквондодон ийгилик жаратууда (сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эмгек-Талаа айылындагы 21 жаштагы Жаңыбай Бакытбеков 2 жылдан бери корей спортунун түрү болгон таэквондону өздөштүргөн. Учурда ал жогоруда аталган айылда машыктыруучу болуп эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, буга чейин спорттун бокс жана дзюдо түрлөрү менен машыккан.

«Бала кезим Эмгек-Талаа айылында өтүп, Сарыбай Керимбай уулу атындагы орто мектебин ийгиликтүү аяктап, өзүмө жаккан кесипти тандап, Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринардык факультетине тапшырдым. Азыркы тапта 4-курсту сырттан окуп жатам.

Ал эми спортко токтоло кетсек, мектепте окуп жүргөн кезде эле бокс жана дзюдого кызыгып машыкчумун. Кийин окуумду бүтүп, шаарга барганда Кореянын улуттук спорту болгон таэквондого кызыгып, 2 жылдан бери аралашып жүрөм. Бул жылдар аралыгында өзүмдү сынап, таэквондо боюнча облустук, республикалык деңгээлде өткөн мелдештердин көп жолу жеңүүчүсү аталдым. Жакында эле Казакстандын Актөбе шаарына барып, 2-орунду ээледим. Бул жолу 2-ирет барышым. Биринчи барганымда дагы 2-орунду алгам.

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан тарта айылдагы спортко кызыккан жаштарды таэквондо менен машыктырып келем. Алар дагы республикалык деңгээлде өткөн мелдештен 2-3-орундарды багындырып келишет. Учурда 30 окуучум бар. Мен алар менен ар дайым сыймыктанам. Шакирттеримден мыкты спорт чеберлерин чыгарууну пландап, ошонун үстүндө иштөөдөмүн», - деди ал.

Ж.Бакытбеков бош убактысында футбол ойноп жана булгаарыдан ат жабдыктарын жасоо менен алектенет. Ал быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын таэквондо боюнча спорт чебери аталып жана кара кур тагынган.

Спорт чебери үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×