Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Нарын облусуНарын району 25.12.2018 15:26 Жаңыланды: 25.12.2018 18:18 На русском

Нарын районунун тургуну Н.Сарыгулов 10 күндөн бери дайынсыз

Turmush -  Нарын районунун Жан-Булак айылынын тургуну Нурбек Сарыгулов изделип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын РИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, 1974-жылы туулган Сарыгулов Нурбек Дүйшөнбекович 2018-жылдын 15-декабрынд үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.

Кийген кийимдери: үстүндө кара түстөгү куртка, кара түстөгү шым, спорттук бут кийим.

Өзгөчө белгилери: бою болжол менен 170 см, мурутчан, маңдайкы тиштеринин айрымдары жок.

Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, Нурбек Сарыгулов айылдагы үйүндө жалгыз жашап келген.

Эгерде аны көргөн-билгендер болсо Нарын РИИБге кайрылып же «102» кызматына жана 0703228922 телефон номурларына билдирсе болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×