Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуНарын району 25.12.2018 11:13

Нарындын Лахол айылынын эли аз камсыз 2 үй-бүлөгө 20 эчки беришти (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Кара-Кужур өрөөнүнө караштуу Лахол айылында колунда бар тургундар бирден эчки чыгарып, муктаждарга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Тынчтыкбек Зарип уулу билдирди.

Маалым болгондой, жергиликтүү тургундар жалпы чогулган 20 эчкини аз камсыз болгон 2 үй-бүлөгө ондон бөлүп, бирка басып беришти. Эми ушул эле айылдан кырктай эчки чогулат. Алар дагы ушундай тартипте бөлүштүрүлөт.

Социалдык маселелер боюнча адис 2019-жылдын январь айынын аягына чейин Жер-Көчкү айылына дагы ушундай иш-чара уюштурула тургандыгын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×