Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Нарын облусуНарын району 21.12.2018 13:06

Айыл турмушу: Чокой жасап, элетке таанылган Ж.Телтаева жүн тыткан техника менен келиндердин жумушун жеңилдетти (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Миң-Булак айылынын 45 жаштагы тургуну Жыпара Телтаева 20 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, кыздарга сеп даярдайт. Аймактык кабарчы кол өнөрчү менен таанышты. Элден буйрутма алып, кышкысын түрдүү чокой, шырдак, өзгөчө түстүү көлдөлөңдөрдү жана кыздын себин жасаган кол өнөрчү заманбап жүн тыткан техника алып, кирешесин эки эсеге көбөйткөн.

«Миң-Булак айылына келин болуп келгенден бери эле кол өнөрчүлүк менен алекмин. Мектепте кароолчу болуп иштеп, андан кийин кол өнөрчүлүктүн сырын ачып, өздөштүрүп кеттим. Учурда тажрыйбалуу кол өнөрчү болуп калдым десем болот. Элден буйрутма алып көлдөлөңдүн түрүн, шырдак жасап, кызга сеп даярдап, шырдактын шоона, жээкке жибин даярдайм. Курак курайм, кышкысын бутка жылуу, жумшак чокой жасап сатам. Бул жасаган чокойлорду айылдаштарым баалап алышат. Аялдардын да, эркектердин да чокоюн жасап, айыл элине 700-1000 сомдон сатам. Ал эми көлдөлөңгө ар кандай боектор менен түс берип, кооз кылып жасап, 2500 сомго баалайм. Кыздардын септерине дагы буйрутма алып жасап берем.

Ушул күзүндө заманбап станок менен жүн тытып, киреше булагымды кеңейтип жатам. Бул станоктун артыкчылыгы убакытты аябай үнөмдөйт экен. Айылыбызда буга чейин мындай техника жок болгондуктан, жууркан-төшөккө, кийизге колго тытчубуз. Айылдагы келиндерге дагы абдан жеңил болду. Муну иштеткенден бери буйрутмалар дагы байма-бай келип, кирешеси дагы жакшы болуп жатат», - дейт ал.

Кол өнөрчү бул ишин дагы кеңейтүү үчүн үй-бүлөсү менен киришүүнү пландап жаткан кези.

«Учурда үй-бүлөбүз менен кеңешип, бир топ болуп, чогуу иштейли деп кеңешип жатабыз. Үйдө келин-уулум, жолдошум, апам дагы дайыма жардам берип келишет. Жолдошум кийиз жасаган станок жасап бергени жатат. Ал жасалып калса, үй-бүлөбүз менен чогуу бирге иштейбиз», - деди кол өнөрчү.

Жыпара Телтаева кол өнөрчүлүктү бала кезинде апасынан үйрөнсө, турмушка чыккандан кийин кайын энесинин жардамы менен өздөштүрүп кеткен.

«Бала кезимде эле өзүмдүн апамдарга жардам берип жүрүп акырындык менен үйрөнгөм. Бирок мындай кол өнөрчү болуп кетем деп ойлогон эмесмин. Өзүм Нарын районуна караштуу Сегизинчи март айылында төрөлүп, ушул жерде өскөм. Кийин бул жакка келин болуп келдим.

Апам мугалим болуп иштеп, өлкөнүн Ардактуу атуул наамын аталган. Ал шырдактарды өзү оюп жасачу. Кол өнөрчүлүк апамдан берилди десем болот. Ал эми кайын энем өздөштүрүп алып кетүүмө абдан чоң көмөк көрсөттү. Апамдын колдоосу болбосо бул иш менен алектенип кете алмак эмесмин», - деди ал.

Кол өнөрчү үй-бүлөлү, жолдошу экөө 4 баланы тарбиялап өстүрүшкөн. Бал тилдүү 2 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.49% (818)
«РСК Банк»
31.42% (509)
«Капитал Банк»
5.74% (93)
...
Всего голосов: 1620
×