Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Нарын облусуНарын району 18.12.2018 14:24 На русском

Нарындагы 12 топозго берилген маалым кат чыры

Turmush -  Нарын районуна караштуу Кара-Кужур өрөөнүнүн Лахол айылынын ветеринардык адиси сырттан келген малдарга мыйзамсыз маалым кат берип жатат. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну, Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн Лахол айылдык кеңештин депутаты Бакберди Эсенгул уулу билдирди.

Анын айтымында, аталган айылдын ветеринардык адиси чарба китебине каттоого алынбаган малга эле маалым кат берип, кириштеп, чыгыштап, бирка басып берген.

«6-декабрда Лахол айылындагы ветеринардык адис 12 топозго Турат Сыдыковдун наамына маалым кат жазды. А, бирок бул кишинин чарба китебинде андай топоздор катталбаптыр. Ал эми Турат Сыдыков “мен буларды сатып алдым, кайра сатканы жатам” деп айтты. Мен болсо "малды саткан жер маалым кат бериши керек" десем, "силер аны түшүнбөй жатасыңар" деди. Ошондон улам урушуп кеттик. Бул 12 топоз Миң-Булак айылынан келген мал экен. Мен ал жактын ветеринардык адиси менен телефон аркылуу байланышып көрдүм. Ал "мал ээсине убагында салык төлөбөгөндүктөн мыйзамсыз малга маалым кат жазып бере албайм деп айткам" деди. Бул ветеринар жазбай койгондо малдын ээси Лахолдон Турат Сыдыков аркылуу маалым кат жаздырып жатат. Аталган китепте мындай мал жок болгондон кийин маалым кат жазууга эч кимдин укугу жок да. Алар ошол жерден эле бирка басып, каттоого киргизип, кайра каттоодон чыгып кетти кылышып маалым кат жазып жатышпайбы. Бул кызматтык абалдан пайдалануу эле болуп калат», - деди ал.

Бакберди Эсенгул уулу: «Окуяны башынан айтып берейин, мен айыл өкмөттүн жанынан өтүп бара жатсам, ичинде ызы-чуу болуп жатышыптыр. Эмне болуп кетти деп эле барсам, ошол жерден бир бала “булар мыйзамсыз маалым кат жазып жатат” деп айтып калды. Мен дароо айыл өкмөт башчысына кайрылып, “ушундай маалым кат жазып жатыптыр, токтотпойсузбу. Бул жерде мыйзамсыз болуп жатат дедим. Ал ызы-чуу болуп жаткандарды чакырып, ветеринардык дарыгерге “бул мыйзамсыз, чарба китебинде жок турбайбы токтоткула” деди. Чыгып туруп Турат Сыдыковго “өзүңүз ушул жерде кызматкер болуп иштеп туруп, мыйзамсыз малды жаздырып жатасыз, туура эмес да” дедим. Ал мени сөгүп жиберди, "сакалдуу эле адамсыз, антпеңиз" десем эле “барчу жериңе бар, сен кимсиң" деп баштады. Мен ветеринардык дарыгерге кайра кирип, “жазбагыла, токтоткула, бул мыйзамсыз” десем, ага да болбой жазды. Жанымдагылар "эртең моюндарына албай коюшат" дегендеринен, видеокамерага тартып баштадым. Ветеринардык дарыгер “жок, жаза берем, мен Турат Сыдыковду сыйлайм” дейт. Кайра айыл өкмөт башчысына айттым. Бирок баары бир мен кеткенден кийин маалым кат жазып бериптир. Бул жерде дайынсыз мал келсе эле маалым кат жазып жатышат. Ветеринардык дарыгерлер да ортодон бизнес кылып, Турат Сыдыков (айыл өкмөттө иштейт) дагы өзүнүн кызмат ордунан пайдаланып жатат. Бул ишти эми унуткарып коюшту. Чара көрүп же эскертип койсо болмок. Кийинкилер да жаздыра албай калышмак. Бул бизнеске айланып бара жаткан көрүнүш да», - деди.

Миң-Булак айылынын ветеринардык адиси Тилек Жаманбаев: «Тураттын досу Сапар деген киши "мага маалым кат бересиң, малды базарга алып барам" деди. Мен бирка басылбаган малга эч кандай маалым кат бере албайм, жооп берип калам да. Бул киши бирка бастырбай койгон. Ошондуктан мыйзамга такап, идентификация жасатпаганы үчүн маалым кат берген эмесмин», - деди.

Ал эми айыл өкмөт башчысы Курманбек Аалиев бул мезгилде жумуш ордунда жок болгондугун жана телефон аркылуу каттоодо жок малга маалым кат бербегиле деп айткандыгын билдирди.

Лахол айылынын ветеринардык адиси Кубан Акунов: «Турат Сыдыков малды башка жактан сатып алып келди. Базага киргизип, биркасын басып, кайра чыгыштаганбыз», - деди.

Турат Сыдыков: «Бир теңтушумдан 15 мамалак сатып алып, кайра анын он экисин Караколго сатып жибергем. Мен андан маалым каты жок сатып алгам», - деди.

Нарын облустук ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын башчысы Жалил Алымкулов каттоого алынбаган малга маалым кат берүү болбой тургандыгын белгиледи.

Маалымдама:

Малга бирка бастырууга — 80 сом, ветеринардык адистин маалым катын жаздырууга — 100 сом, айыл өкмөттүн маалым катын алууга — майда жандыктарга 10 сом, бодо малга 20 сом керектелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.49% (818)
«РСК Банк»
31.42% (509)
«Капитал Банк»
5.74% (93)
...
Всего голосов: 1620
×