Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуНарын району 15.12.2018 13:11

Нарындын Жан-Булак айылында 2 млн сомго курулган ветклиникалык комплекс ишке берилди (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 14-декабрда Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылында 2 миллион сомдон ашык каражатка курулган ветеринардык комплекстин ачылышы болуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бул ветклиниканын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов, экинчи орун басары Жаркын Ибраева, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев жана башкалар катышты. Ачылышка келген депутаттар кызыл тасма кессе, Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Дүйшөнбек Шеримбеков клиниканын ичи жана кызматтары менен тааныштырды.

Бул ветклиника АРИСтин «Мал чарбасы жана рынокту өнүктүрүү-1» долбоору менен (коомчулуктун акчалай салымы, коомчулуктун эмгек түрүндөгү салымы да бар) жалпы 2 млн 019 миң 354 сом каражатка курулган.

Буга чейин элеттиктер малдарын үйүнөн гана дарылап келишкен. Жергиликтүү тургундар эми бул мал дарылоочу жайга каалаган учурда келе алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×