Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Нарын облусуНарын району 15.12.2018 12:22

Нарындын Жан-Булак айылында спорт комплекс ачылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Жан-Булак айылында жаңы курулуп бүткөн Ташболот Апсалиев атындагы спорт комплекстин ачылыш аземи өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары да катышты. Анын жүрүшүндө куруучуларга ардак грамоталар, курулушка көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылык каттар тапшырылды.

Имараттын курулушу 2015-жылы башталып, акча каражатынын тартыштыгынан улам токтоп калган. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында кайрадан көңүл бурулуп, кошумча каражат бөлүнгөн. Анда күрөш, топ ойноочу залдар жасалып, машыгуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Курулушка түрткү берүүчү үлүштүн эсебинен 17,5 миллион сом бөлүнгөн. Учурда эки машыктыруучу эмгектенип, 90дон ашык бала машыгып жатат.

Буга чейин айылдын окуучулары райондук, облустук, республикалык, эл аралык мелдештерде ийгиликтерге жетишип келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.49% (818)
«РСК Банк»
31.42% (509)
«Капитал Банк»
5.74% (93)
...
Всего голосов: 1620
×