Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуНарын району 14.12.2018 09:21

Каармандардын кардан жасалган айкели: Ч.Айтматовдун Толгонай, Жамийла, Момун чалы... парадга басышты (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Ак-Талаа айылындагы Жекшенбек Мамбетов атындагы орто мектебинде улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган жыйынтыктоо иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын башында жазуучунун чыгармаларындагы 90 каарман парадга басышты. Ошондой эле мектептин алдына кардан каармандардын айкели жасалды. Мындан сырткары чыгармалар боюнча сүрөт көргөзмө уюштурулган. Айылдагы ардагер мугалимдер жана ата-энелер жазуучунун чыгармаларынан үзүндү айтып, көркөм окуп беришти.

Андан соң иш-чаранын экинчи бөлүгү мектептин чоң залында улантылды. Анда окуучулар Толгонайдын, Жамийла, Алтынай, Аселдин, Нургазынын ролдорун аткарышып, көрүүчүлөрдүн купулуна толушту. Жогорку жана кенже класстардын окуучулары «Эрте келген турналар» чыгармасын сахналаштырып жатканда көрүүчүлөрдүн айрымдары көздөрүнө жаш алышты. Иш-чарага катышкандар Ч.Айтматовдун чыгармаларына аралашып жүргөндөй сезимдер болгонун жашыра алышкан жок. Илгерки ичик, тебетей, жоолук жана башка эски үлгүдөгү кийимдер Айтматовдун ааламына аралаштырып койду.

«Бүгүнкү Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара өзгөчө болду. Анткени мектеп жамааты ата-энелер менен бирге уюштурдук. Мында ата-энелер балдары менен бирге ролдорду аткаруу өзүнчө бир керемет болот экен», - деди мектеп директору Алёна Калназарова.

Ал иш-чараны жыйынтыктап жатып, мугалимдерге, окуучуларга айрыкча ата-энелерге, дайыма көмөк көрсөтүп келген айыл тургундарына ыраазычылыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×