Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Нарын облусуНарын району 13.12.2018 11:38

Нарын районунда көмүрдүн тоннасы 4000 сомго чейин сатылууда (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун айылдарында көмүрдүн бир тоннасы 2500 сомдон 4000 сомго чейин сатылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, жергиликтүү бийлик айыл тургундары менен жолугушуп, көмүр кампалары текшерилүүдө. Ошондой эле, социалдык объектилердин нормага ылайык жылытылышы, көмүрдүн сапаты, от жагуучу мештердин жана печкалардын иштеши текшерилип жатат.

Акимчиликтен билдиришкендей, районго эки контейнер коюлуп, көмүр кампалар ачылган.

«Көмүр кендерине жакын айылдарда 1 тонна көмүр 2500 сомдон, ал эми алыскы айылдарда 3500 сомдон 4000 сомго чейин сатылууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×