Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуНарын району 11.12.2018 16:00 На русском

Нарындагы жубайлардын баласы менен небереси иске ууланып каза болду. 3 жашар бөбөк жандандыруу бөлүмүндө

Turmush -  Нарын районунун Сегизинчи март айылында иске ууланган эки бала каза таап, 3 жашар бөбөк ооруканага түштү. Бул маалыматты аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын башчысы, милициянын майору Медина Султаналиева тастыктады.

Маалым болгондой, 9-декабрда саат 14:30 чамасында Нарын районунун Сегизинчи март айылынын 2015-жылы туулган тургуну Б.У. иске ууланып калган. Ага Нарын райондук тез жардам бөлүмүнүн кызматкерлери алгачкы медициналык жардамды көрсөтүп, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирип, бул окуяны милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Аталган билдирүү боюнча окуя болгон жерге Нарын РИИБдин ыкчам тергөө тобу барышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 8-декабрь күнү саат 12:00 чамасында Сегизинчи март айылынын 1955-жылы туулган тургуну Ч.Б. 1957-жылы туулган жубайы К.К. менен Нарын шаарына конокко кеткен. Алар 9-декабрда саат 14:00 чамасында кайра үйүнө келишкен. Бул учурда жубайлар үйүнүн ичин түтүн каптап турганын, үйдүн төркү бөлмөсүнөн 2000-жылы туулган Ч.Б. аттуу баласынын, неберелери — 2011-жылы туулган Ч.Б., 2015-жылы туулган Б.У. нун эс-учун жоготуп жатканын көрүшкөн. Алар дароо балдарды сыртка алып чыгышып, эс алдырууга аракет жасашкан. Бирок 2000-жылы туулган Ч.Б. менен 2011-жылы туулган Ч.Б.нын денелери эчак муздап, каза болуп калышканын байкашкан. Ал эми 2015-жылы туулган Б.У. дем алып жаткандыктан аны Нарын райондук аймактык ооруканасына алып жөнөшкөн.

Бул кырсык Нарын РИИБде катталып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөн. Ошондой эле жансыз денелерге соттук-медициналык эксперттин катышуусунда сыртынан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонулган белгилер байкалган эмес. Учурда бул факты боюнча Нарын РИИБ тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, 2000-жылы туулган Ч.Б. Нарын шаарындагы С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин 1-курсунун студенти, ал эми 2011-жылы туулган Ч.Б. Сегизинчи март айылындагы орто мектептин 1-классынын окуучусу болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×