Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Нарын облусуНарын району 10.12.2018 14:47 На русском

Бөрүлүү мезгил: Нарын районунда карыган чоң карышкыр атылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Орук-Там өрөөнүндө чоң карышкыр атылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Орук-Там айыл өкмөтүнө караштуу Талды-Суу айылынын башчысы Бердигул Аалиев билдирди.

Маалым болгондой, аталган өрөөндө карышкырдын саны көбөйүп, жергиликтүү тургундардын малдарына кол салып баштаган.

«Нарындын борборунан алыс болгондуктан, бизде ит-куш күч болот. Мындан эки-үч күн мурун жергиликтүү тургун Жүрөр уулу Акыл бир карышкыр атты. Көп жыл жашаган карышкыр экен. Аябай карыгандыктан тиши дагы калбай калыптыр. Кулагынын дагы жарымы жок экен. Азыр өзүмдүн чөнтөгүмдөн балдардын унааларына май куюп, эл менен чогуу карышкырлар жүргөн жерлерди тосуп жатабыз. Буга чейин эки айдын аралыгында карышкырлар 10 бодо малды жеп кетишти. Карышкырдын саны болжол менен 15ке жетет. Алар өз-өзүнчө үйүр болуп жүрүшөт», - деди ал.

Бердигул Аалиев карышкырдын санын азайтууда мергенчилердин ок-дарысы тартыш болуп жаткандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.49% (818)
«РСК Банк»
31.42% (509)
«Капитал Банк»
5.74% (93)
...
Всего голосов: 1620
×