Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Нарын облусуНарын району 10.12.2018 22:25 На русском

Тайгандардын жарышы, карышкырга кол салган бүркүттөр. Нарындагы салбурун (видео, сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 9-декабрда Нарын районуна караштуу Алыш айылында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата салбурун боюнча республикалык биринчилик болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, салбурун боюнча республикалык биринчилик Алыш айылында экинчи ирет өткөрүлүүдө. Мелдешке облустардан жаачылар, тайганчылар жана мүнүшкөрлөр катышты. Салбурунда тайгандарды алыскы аралыкка чуркатуу, карышкырга коё берүү, бүркүттөрдү карышкырга, түлкүгө коё берүү, ээсин узактан табуу, ителгини көгүчкөнгө жана коёнго коё берүү боюнча тапшырмалар берилди. Ал эми жаачылар алыскы аралыктан жана ат үстүнөн жаа атышты.

Салбурунда бүркүттөрдүн жана тайгандардын карышкырга тап берип кол салышы көрүүчүлөрдүн назарын бурду. Айыл тургундары бул карышкырды атайын тирүү кармап келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×