Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Нарын облусуНарын району 27.11.2018 11:11 На русском

Бала тили — бал: Биздин эжебиз Майсалбектин апасына кат жазган, - эгиздер Усман менен Салман (сүрөт)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Нарын районуна караштуу Эки-Нарын айылында жашаган 5 жаштагы эгиздер Усман менен Салман.

- Атыңар ким?

- Салман, Усман.

- Канча жаштасыңар?

- Беш.

- Канча бир тууганыңар бар?

- Эки эгиз.

- Кимиңер улуусуңар?

- Мен, мен (кошо жарышып кыйкырып).

- Силер чоңойгондо ким болосуңар?

Усман:

- Мен чоң Усман болом же эчтеке болбойм.

Салман:

- Мен өрт өчүргүч болом.

- Алар эмне кылышат?

- Жашыл үйлөргө суу чачышат.

- Усман мугалимдер эмне кылышат?

- Окуучуларды окутушат.

- Салман милициялар эмне кылышат?

- Жаман кишилерди түрмөгө камайт.

Усман:

- Милиция бары бир деле жакшы да.

- Доктур эмне кылат?

Усман:

- Ооруган малдарга ийне саят. Аны доктур байке дейбиз.

- Президент ким экенин билесиңерби?

Салман:

- Оба.

- Ким?

- Билбей калдым.

Усман:

- Чыңгыз Айтматовду айтып берейинби?

- Ооба, ал ким?

Салман:

- Апасы төрөгөн.

Усман:

- Атасы Төрөкул Айтматов, ал жазуучу болгон. Апасы мугалим болгон. Өзү да жазуучу болгон. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына үйрөнүп алгам.

- Силерге ким айтты?

- Нуржан эже.

- Ал ким?

- Садикте иштейт. Ал Майсалбекти билет. Ал апасына кат жазган.

- Силерге кандай кыздар жагат?

Усман:

- Мага Маку.

Салман:

- Мага Хаду. Алар садикте.

- Силер эгиз экенсиңер, силерге окшош кыздар жагабы?

Усман:

- Оба чоңойгондо эгиз кыздарды алабыз. Бирок Сакуну жакшы көрөм.

Салман:

- Мен Хадуну.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.49% (818)
«РСК Банк»
31.42% (509)
«Капитал Банк»
5.74% (93)
...
Всего голосов: 1620
×