Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Нарын облусуНарын району 26.11.2018 14:03 На русском

Бөрүлүү мезгил: Нарындын Кара-Кужур өрөөнүндө отуздай жылкы жеген 5 карышкыр атылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Кара-Кужур өрөөнүндө малдарга кол салып жүргөн отуздай карышкырдын ичинен бешөө атылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн башчысы Сагыналы Боогачиев билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 26-ноябрда атылган 5 карышкырды жергиликтүү тургундар Нарын шаарына алып келишкен. Алардын айтымында, жергиликтүү эки мергенчи 15 күн аралыгында 6 карышкырдан турган үйүрдөн 5 карышкырды атышкан.

«Бул карышкырлар Кара-Кужур өрөөнүнөн, тагыраагы Лахол айылынан атылды. Бул карышкырлар көбүнчө жылкыларга кол салышты. Мындан тышкары топоздорду жана койлорду жешти. Булар Кара-Кужур өрөөнүндөгү бир эле айылдын эмес, үч айылдын малдарын жешти. Атылгандардын үчөө карышкыр, экөөсү дөбөт. Болжол менен баш-аягы отуздай жылкы жешти», - деди жергиликтүү тургун Болот уулу Аскар.

Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн башчысы Сагыналы Боогачиев өкмөттүн облустагы өкүлүнүн карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын кыскартуу боюнча буйругу чыгып, ошонун негизинде иштер аткарылып жаткандыгын билдирди.

«Жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин облуста 91 карышкыр, 87 чөө атылып жок кылынды. Жакында эле, кар жаагандан бери 15 күн аралыгында Кара-Кужурдан 5 карышкыр, Ат-Башы районунан 6 карышкыр атылды. Бүгүнкү күндө карышкырларды аткандарга өкмөттүн атайын токтомунун негизинде 6 миң сомдон сый акы берилет. Булар мергенчилердин ок-дары алганына, чыгымдарын жапканга кетет. Мындан сырткары карышкырлардын терилери өздөрүндө калат», - деди С.Боогачиев.

Учурда облустун аймагында карышкыр жана чөөлөрдүн санын азайтуу үчүн 14 мергенчиден турган топ иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.49% (818)
«РСК Банк»
31.42% (509)
«Капитал Банк»
5.74% (93)
...
Всего голосов: 1620
×