Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуНарын району 19.11.2018 19:55 На русском

Нарындык 15 жаштагы Азирет дайынсыз жоголду (сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Сары-Ой айыл өкмөтүнүн Жылан-Арык айылынын 15 жаштагы тургуну Садакбек уулу Азирет дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 19-ноябрда билдирди.

2018-жылдын 17-ноябрында Нарын РИИБге Азиреттин апасы — 1977-жылы туулган Э.Нургүл кайрылып, уулу 15-ноябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Азиреттин белгилери: бою 160-165 см чамалуу, чачы кара жана кыска, каратору, бет түзүлүшү тоголок, маңдайындагы үстүңкү 2 тиши кыйшык.

Кийген кийимдери: башында өңү кара топу, үстүндө ак түстөгү спорттук күрмө (кара сызыктары бар), боз түстөгү шым, боз байпак жана кара бут кийим.

Азирет тууралуу маалыматы барлар 102 кызматы же 0708 00 58 47 телефон номуру аркылуу байланышса болот.

Азирет

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×