Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Нарын облусуНарын району 19.11.2018 15:49

Нарындын тургуну Турат Бейшеналиев жайлоого кеткен боюнча дайынсыз болууда

Turmush -  Нарын районунун Кара-Чий айылынын тургуну Турат Бейшеналиев 28-октябрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын жеңеси Гүлбүбү Асанбекова билдирди.

Бейшеналиев Турат Жумакадырович 1971-жылы Кара-Чий айылында туулган.

«Турат Бейшеналиев малчы бала менен Тешик жайлоосуна кеткен. Ошондон бери дайынсыз», - деди ал.

Өзгөчө белгилери: бою болжол менен 1,70 см, өңү сары, маңдайында бир кашка тиши жок.

Кийген кийимдери: көк түстөгү баш кийим, кара куртка, бутунда кышкы бут кийим.

Турат Бейшеналиевди көргөндөр Нарын райондук аймактык милиция бөлүмүнө кайрылып же 0705119456, 0701422888 номурлары менен байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×