Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Нарын облусуНарын району 19.11.2018 14:21

Жаш талант: Нарындык окуучу Асылбек телефон менен «Келечек» тасмасын тартты (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Таш-Башат айылындагы Мамбет уулу Дүрбөлөң атындагы орто мектебинин окуучусу Асылбек Эсенгул уулу «Келечек» аттуу үчүнчү тасмасын жаратты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өзүнүн айтымында, тасманы тартууга 2 күн кеткен.

«Бул биздин 3-тасмабыз болуп жаткандыктан тартуу иштери кичине оңой болду. Себеби, бир аз болсо да тажрыйба топтоп калыптырбыз. Ал эми "Келечек" тасмабыз жөнүндө айта кетсем, тасманын сценарийин Айдар Сүйүндүков жазды. Тасма "Карек" фестивалынын алкагында тартылган. Тартууга 2 күн сарптадык. Жалпысынан ондой актёр катышты. Тасмада азыркы экологияга көрсөткөн мамилебизден бизди кандай келечек күтүп жатканы чагылдырылган. Жаратылыштын эгеси өзү бизге эскертип жатат. Биз аны сезбейбиз же билип туруп башкаларга жеткире албайбыз. Көрүп туруп, көзүбүз сокур болуп жатканын тасма ачык көрсөттү. Биздин келечегибиз кандай болот? Адамдар кайда бара жатышат? Бул суроого жоопту “Келечек” тасмабыздан кичине болсо да таба алышат деп ойлойбуз», - деди ал.

Асылбек «Карек» фестивалына катышып келген. Тасма телефон аркылуу тартылганынан улам сапаты жакшы болбой, жеңишке жетише албай калган. Мындан улам ал жакшы, сапаттуу тарта турган фотоаппарат же видеокамерага муктаж болуп жаткандыгын билдирди.

Асылбек Эсенгул уулу учурда аталган Таш-Башат айылындагы орто мектепте 11-класста билим алууда. Ал буга чейин телефон аркылуу тасма тартып, ар кандай фестивалдарга катышып келген.

Тема боюнча:

Нарындык окуучулар телефон менен тасма тартып, андан түшкөн акчага мектебине музыкалык аппарат алып беришти (видео)

Жаш талант: Телефон менен тасма тарткан нарындык окуучу Асылбек экинчи эмгегин жаратты (видео, сүрөт)

«Спиртсмендер эмес, спортчулар көбөймөк»: Нарындык окуучулар өз көйгөйлөрүн чагылдырган тасма тартышты (видео)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.49% (818)
«РСК Банк»
31.42% (509)
«Капитал Банк»
5.74% (93)
...
Всего голосов: 1620
×