Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Нарын облусуНарын району 17.11.2018 18:00

Нарындын Эмгекчил айылында 150 миң долларга касапкана курулуп жатат (фото)

Turmush -  Нарын районунун Эмгекчил айылында 150 миң долларга касапкана курулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акимчиликтен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган касапкана бардык талаптарга жооп берип, бир учурда 15 бодо мал, 50 кой-эчки союлат. Ал курулгандан кийин эт баасын тийиштүү деңгээлде кармоого шарт түзүлөт. Нарын облусу боюнча биринчи айыл чарба багытындагы комплекстин курулушу 2019-жылы бүткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×