Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуНарын району 15.11.2018 13:45

Айыл турмушу: 47 жаштагы Г.Тентимишованын баскан-турганын бала бакчадагы балдар туурашат (сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында төрөлүп, ушул жерде өскөн 47 жаштагы Гүлбүбү Тентимишова Нарын шаарындагы «Бактылуу балалык» бала бакчасында көп жылдан бери эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, дарыгер болууну кыялданып, жыйынтыгында тарбиячылык кесипти аркалап калган.

«Эмгекчил айылында окуумду ийгиликтүү аяктап, дарыгер болууну пландап, шаарыбыздагы медициналык колледжинде билим алгам. Ал кезде тарбиячы болуу оюмда дагы жок эле. Айылда өскөндүктөн орус тилин жакшы билчү эмесмин. Ошондон улам окууга өтпөй калып, педагогикалык колледждин мектепке чейинки билим берүү бөлүмүн 1991-жылы аяктадым. 2005-жылдан тарта "Бактылуу балалык" бала бакчасында тарбиячы болуп иштеп келем. Бул кесип абдан кызыктуу. Балдардын кыял-жоруктарынан, бал сөздөрүнөн кадимкидей эргүү алып, чарчабастан тескерисинче эс алып калабыз. "Бала көргөнүн жасайт" дегендей тарбиялап жаткан балдарым бизди (тарбиячыларды) бири-бирине бөлүштүрүп алып, сүйлөгөнүбүздү, баскан-турганыбызды бүт туурап ойношот. Кээде кадимкидей роль жаратышат. Аларды көрүп отуруп таң калып жана күлүп алабыз. Жалгыз кызым бар. Ага бөбөктөрдүн жоруктарын айтсам, жалгыз өскөндүктөнбү мени кызганып калат», - деди ал.

Тарбиячы буга чейин кол өнөрчүлүк менен алектенип келген.

«Жаш кезимде жумушумдан тышкары бош убактымда буйрутма алып, бала бакчадагы балдарга жана тарбиячыларга түрдүү формаларды тигип киреше таап жүрдүм. Кийим тигүүнү апамдан үйрөнгөм. Бала кезимде эркек мүнөз кыз болуп, сырттагы оокаттары көп жасайт элем. Эгизим Калбүбү тескерисинче токтоо мүнөз адам. Азыр деле ушундайбыз. Ал Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылына келин болгон», - деди ал.

Г. Тентимишова жумушундагы жетишкендиги үчүн көптөгөн сыйлыктардын ээси болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×