Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Нарын облусуНарын району 14.11.2018 23:13

Нарында балдардын бир күндүк койкаларында 631 бейтап дарыланган

Turmush -  Узак мөөнөткө госпиталдаштырууга муктаж болбогон балдарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында 2017-жылдан баштап Нарын облустук бириктирилген ооруканасында 14 жана аймактык ооруканаларда 55 балдардын бир күндүк койкалары ачылган. Бул тууралуу Медициналык камсыздандыруу фондунун Нарын аймактык башкармалыгынын директору Сыйнагүл Шамеева журналисттер үчүн өткөн маалымат жыйында билдирди.

«Кыска мөөнөткө госпиталдаштыруу бөлүмдөрүнүн ачылышы менен балдарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшыргандыгы байкалды. Балдар стационарга келип түшкөн учурдан тартып дарыгердин биринчи кароосуна чейинки болгон мезгил кыскарды. Сутканын кайсы мезгили болбосун негизги лабораториялык кызматтарга жеткиликтүүлүк, зарыл болгон медикаменттер жана жабдуулар менен камсыз болуу жакшырды. Ошондой эле каржылык каражатарды пайдалануунун натыйжалуулугу жогорулады. 2017-жылдын 9 айында 712 бала дарыланып, алар үчүн ооруканаларга 539 483 сом которулуп берилсе, ал эми 2018-жылдын 9 айында 631 бала дарыланып, 352 515 сом которулуп берилген», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.49% (818)
«РСК Банк»
31.42% (509)
«Капитал Банк»
5.74% (93)
...
Всего голосов: 1620
×