Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуНарын району 01.11.2018 08:55 На русском

Нарын райондук ветеринардык башкармалыгынын жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын жаңы курулган имараты салтанаттуу түрдө ачылып, кызыл тасмасы кесилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Нарын облусунун тарыхында мындай имарат алгачкы жолу пайдаланууга берилип жатат. Аталган түзүмдүн эски имараты өткөн кылымдын 30-жылдары мал сарай катары салынып, ветеринардык кызмат көрсөтүп иштеп келген. Кийин эскилиги жеткенде пайдаланууга мүмкүн болбой калган. Өткөн жылы өлкө казынасынан 7 миллион сом каражат бөлүнүп, эки кабаттуу заманбап үлгүдөгү жаңы имараттын курулушу башталып, ал бир жылдан ашык убакытта бүткөрүлдү.

Имараттын ачылыш салтанатына Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспециясынын башчысы Калысбек Жумаканов жана ветеринардык кызматтын ардагерлери, айыл өкмөт башчылары, райондук мекемелердин жетекчилери катышты. Куттуктоо сөздөр айтылып, алдыңкыларга облус башчысынын, Нарын шаарынын, Нарын районунун жетекчилеринин ардак грамоталары тапшырылды. Ошондой эле Калысбек Жумаканов имаратка компьютер белек кылып, жакында заманбап үлгүдөгү жабдыктар менен камсыз болоруна убада берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×