Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуНарын району 26.10.2018 09:49

Комсомолго 100 жыл: Нарында мааракеге арналып флешмоб уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде Бүткүл союздук лениндик коммунисттик жаштар союзунун (ВЛКСМ) 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ага комсомолдун ардагерлери, мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ардагерлерге сөз берилип, алар комсомолдук иштери туурасында айтып беришти. Ошондой эле заман алмашканы менен комсомолдогу чыныгы баалуулуктар сакталып калганы белгиленди. Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова ардагерлерди куттуктап, мурунку муун менен жаӊы муундун байланышын түзүү максатында комсомол уюмунун жакшы жактарын бүгүнкү жаштарга сиӊирүү керектигин айтты.

Кыргыз Республикасынын өкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн бɵлүм башчысы Динара Жунусова комсомол уюмунун ардагерлери Айсалкын Карасартова, Майрам Акматалиева, Жыпар Жээналиева, Ирина Вологиналарга облус башчысы Аманбай Кайыповдун ыраазылык каттарын тапшырды. Катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан «Комсомолго 100 жыл» аттуу сүрөт көргөзмө да тааныштырылды. Анда комсомолдун 100 жыл ичинде жүргүзүлгөн иштери чагылдырылган.

Майрамдык иш-чарада В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа уланып, флешмоб менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×