Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуНарын району 26.10.2018 09:20

Нарындын Жан-Булак айылында комсомолдук бригаданын 100 жылдык мааракеси белгиленди (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Жан-Булак айылынын тургундары комсомолдук бригаданын уюшулгандыгынын 100 жылдык мааракесин өзгөчө шаң менен белгилешти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, союз мезгилинде дал ушул айылда алгачкы жолу комсомолдук бригада уюшулган. Айыл жаштары чарбанын экономикасын көтөрүүнү колго алышып, мектепти аяктагандан кийин өз каалоолору менен чарбанын жумуштарына жардам беришкен.

«1974-жылы мектепти аякташкан жаштар “Эдельвейс” комсомолдук жаштар бригадасын түзүшүп, чарбага ошол эле жылы 54 миң рубль киреше алып келишкен. Аталган бригада башкаларга үлгү болорлук иштерди аткарып, союздук бардык мамлекеттерге чейин белгилүү болушкан. Бригада мүчөлөрү өздөрү кой багып, төлдөтүп, тоют даярдашкан. Алардын жолун кийинки бүтүрүүчүлөр 14 жыл бою улантышып, союз менен кошо таркашкан. Бригаданын ошол кезде комсоргу Майрамкүл Акматалиева жаштык жалынын бригаданы иштетүүгө арнаган. Анын уюштургуч жөндөмү менен чарбанын экономикасы алдыга жылып, ири чарбалардын катарына кошулган», - деп айтылды мааракеде.

Салтанатка өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, өкүлдүн аппарат жетекчиси Жаныбек Дюшеев, айыл тургундары, комсомолдун ардагерлери катышты. Бийлик өкүлдөрү куттуктоолорун жолдошуп, комсомолдун басып өткөн жолун айтышты. Ошол кездеги жаңы уюшулган «Эдельвейс» бригадасынын комсоргу М.Акматалиева баш болгон бригада мүчөлөрү сүйлөшүп, баштарынан өткөн күндөрүн айтып эскеришти. Катышуучулар тарабынан ардагерлерге белектер тапшырылып, окуучулардын күчү менен даярдалган сахналаштырылган сценка көрсөтүлдү. Ошондой эле комсомолдук бригаданын 100 жылдыгына арналып уюштурулган сүрөт көргөзмөсү өттү. Аягында чакан программадагы концерт тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×