Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуНарын району 24.10.2018 09:20 На русском

Нарында ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын имараты 7 млн сомго  бүткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Нарын райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын бюджетинин эсебинен 7 миллион сом каражат бөлүнүп, Нарындагы имараттын курулуш иштери башталган. Учурда эки кабаттуу имарат заманбап үлгүдө бүткөрүлүп, пайдаланууга берилүү алдында турат. Сырты жылууланып, кооздук берүүчү шыбак менен шыбалып, кире беришине желим витраждар орнотулган. Ошондой эле конференция залы, коридор, архивдик, препарат сактоо бөлмөлөрү заманбап үлгүдө жасалгаланды. Жылуулук системасы коюлуп, айланасы темир тор менен тосмолонду.

Буга чейин аталган башкармалык эски имаратта иш жүргүзүп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×