Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуНарын району 23.10.2018 11:40 На русском

Нарын районунда жеңил унаа ала салып, бир жүргүнчү каза болду

Turmush -  Нарын районунун Куланак айылында жол кырсыгы катталып, бир жүргүнчү каза болду. Бул маалыматты Нарын ОИИБдин ЖКККБдан тастыкташты.

Маалым болгондой, 19-октябрь күнү болжол менен саат 02:10 чамасында Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан Куланак айылында жол кырсыгы катталып, 4 адам кайрылды деген билдирүү келип түшкөн. Нарын РИИБдин күжүрмөн тобу кырсык болгон жерге барып, окуянын чоо-жайын такташкан.

19-октябрда болжол менен саат 00:30 чамасында Нарын районунун 1974-жылы туулган тургуну А.у.К. өзүнө тийиштүү «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү автоунаасы менен чыгыштан батышты көздөй кетип бара жаткан. Нарын—Баетов автожолунун 45-чакырымынан рулга ээ боло албай, автоунаасы менен ала салып, жол кырсыгына учураган.

«Дэу Нексия» унаасында айдоочудан тышкары 4 жүргүнчү болгон. Жол кырсыктын кесепетинен айдоочу – 1974-жылы туулган А.у.К., жүргүнчүлөр – 1988-жылы туулган К.Т. жана 1988-жылы туулган Д.М. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнө жаткырылды. Дагы бир жүргүнчү – 1981-жылы туулган Ж.Б. ооруканага жаткырылган эмес. Ал эми 1988-жылы туулган Ж.А. аттуу жүргүнчү жол кырсыгы болгон жерден каза тапкан. Жабырлануучулар жана көз жумган адам Нарын районунун тургундары болушкан.

Автоунаа Нарын шаарындагы атайын унаа токтотуучу жайга токтотулуп, Нарын РИИБ тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, аталган унаанын айдоочусу спирт ичимдигин ичкендиги аныкталган. Ал эми каза болгон Ж.А. 21-октябрь күнү өзү туулган айылында жерге берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×