Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуНарын району 23.10.2018 09:54

Нарын районунун билим берүү мекемелери көмүр менен камсыз болгон

Turmush -  Нарын районундагы билим берүү мекемелери кышка даяр. Бул тууралуу билим берүү бөлүмүнүн адиси Искендер Маралбаев билдирди.

Анын айтымында, райондогу бардык 67 билим берүү мекемелери көмүр менен 97 пайызга камсыз болгон. Быйылкы сезонго 2680 тонна көмүр керектелет. 34 мектептин алтоо көмүр жана электр энергиясы, бешөө электр энергиясы, 23 мектеп көмүр менен жылытылат. Ал эми 31 бала бакчага көмүр менен, 2 бала бакчага электр от казаны менен жылуулук берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×