Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуНарын району 22.10.2018 13:23

Нарындын Эки-Нарын айылына биринчи жолу таза суу киргизилди (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын районундагы Орток айыл өкмөтүнө караштуу Эки-Нарын айылына таза суу киргизилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, айыл түптөлгөндөн бери таза суу көйгөйү чечилбей, тургундар булактан суу ташып ичип жашап келишкен. Айылдын жашоочулары, жергиликтүү депутаттар, айыл өкмөт тарабынан таза суу маселеси көтөрүлүп, жогорку тарапка бир нече кайрылуулар болгон. Өткөн жылдан баштап элдин көйгөйүн чечүү максатында суу маселеси капиталдык салымдар беренесине киргизилип, 3 миллион сом каражат бөлүнүп, айылга биринчи жолу таза суу киргизүү иштери башталган. Үстүбүздөгү жылы мамлекет тарабынан 11 миллион сом которулуп, төрт жарым километр тереңдикте жер казылып, ал жерге суу өтүүчү түтүктөр жаткырылды. Жыйынтыгында ар бир үй таза суу менен менен камсыз болушту.

Айылда таза суу киргизүүгө арналган жыйын өтүп, ага айыл тургундары, бийлик өкүлдөрү катышты. Орток айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Сеңирбаев жыйынды ачып, жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Айыл аксакалдары, тургундар сөз сүйлөшүп, куруучуларга ыраазычылыктарын билдиришип, ак баталарын беришти.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Азисов жана Кыргыз Республикасынын мүлк фондусунун төрагасы айыл элинин кубанычын тең бөлүшүп, кызыл тасманы кесишти. Айыл өкмөт башчысы куруучуларга жана демөөрчүлүк кылгандарга ардак грамота, ыраазычылык каттарды тапшырды.

Аталган айыл райондун борборунан 45 километр алыста жайгашкан. Учурда 84 кожолук жашайт.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×