Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуНарын району 17.10.2018 13:09

Нарындын Орто-Нура айылында грек-рим күрөшү боюнча мелдеш өттү (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Орто-Нура айылында Мамаке жана Шопок баатырдын элесине арналып грек-рим күрөшү боюнча мелдеш уюштурулду, деп бидирди аймактык кабарчы.

Баатылардын урпактары бул спорттук иш-чараны 10-жолу уюштуруп жатышат. Мелдеште алдыңкы спортчулар күч сынашып, байге фонду 300 миң сомду түздү. Иш-чарага өлкөнүн түндүк аймагындагы облустардан да алдыңкы спортчулар келип, мелдеш 2 күнгө созулду.

Мелдеште 43 килограммдан 60 килограммга чейинки салмактагы балбандар күч сынашты. Салтка айланган мелдеш кийинки жылы борбор калаада өткөрүлөрү белгиленди.

Мамаке Чыйбыт уулу (18-к., Нарын өрөөнү, Чет-Нура аймагы) — баатыр. 1755-1760-жылдары Канкожо башкарып турган Урумчу, Кулжа, Ысык-Көл аймагындагы элдерден кытай ханы көп алык-салык алып турган. Мындай зомбулукка чыдабаган Канкожо «дин ислам үчүн» деген ураан менен мусулман элдерин көтөрүп согуш ачкан. Ошол согушта Мамаке, Шопок баатырлар өзгөчө эрдиктерди көрсөтүшкөн, cогуш жеңиш менен аяктап, Канкожо аларды баатыр атаган. Алардын эрдиктери жөнүндө Жусуп Мамайдын ыр менен жазылган китеби чыккан. Мамаке 60-70 жаш курагында көзү өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×