Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 10.10.2018 13:25

Нарындын Таш-Башат айылында карасан менен ооруп өлгөн малдар көмүлбөй жатат. Айыл өкмөт буга эмне деп жооп берди?

Turmush -  Нарын районуна караштуу Орток айыл аймагынын Таш-Башат айылында карасан менен ооруп өлгөн малдар талаада көмүлбөй жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

«Айылдын малдары карасан оорусу менен ооруп жатат. Оорудан өлгөн мал-жандыктар талаада көмүлбөй жатат. Анын тегерегинде малдар оттоп жүрүшөт. Карасан оорусун алдын алууда ветеринарлар жакшы иштесе мындай оору чыкпайт эле. Эми өлгөн малдардан башка ири мүйүздүү малдарга жугабы деп коркуп турабыз», - деди жергиликтүү тургундар.

Ал эми Орток айыл аймагынын башчысы Алтынбек Сеңирбаев карасан болуп өлгөн малдар быйылкы жаш торпоктор болгонун жана өлгөн малдар көмүлүп жаткандыгын билдирди.

«Таш-Башаттагы өлгөн малдарды экспертизага жиберип текшертүүгө алдырдык. Натыйжада алар карасан менен өлгөндүгү аныкталды. Карасан болуп өлгөн малдардын бардыгы быйылкы торпоктор болууда, себеби булар жаз алды менен туулгандыктан аларга жаш кезинде карасан оорусуна каршы эмдөө жүргүзүлбөйт экен. Бүгүнкү күндө карасан менен өлгөн 3-4 торпок катталды булардын баары эмделбеген, жазында туулган торпоктор экен. Мындан тышкары азыр карасан оорусуна каршы эмдөөдөн өтпөй калган бардык бодо малдар быйылкы жазгы торпоктор менен бирге эмдөө жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле өлгөн малдар көмүлүп жатат», - деди А.Сеңирбаев.

Карасан – малды калтыратып, булчуң эттерин шишитип, карартып жиберүүчү жугуштуу ылаң. Ылаңдаткычы – анаэробдук шартта өсүүчү таякча түрүндөгү бактерия. Узундугу 2-8 мкм, туурасы 0,6–1,0 мкм. Капсуласы жок, чөйрөдө спора пайда кылат. Спорасы түрдүү шарттарга чыдамдуу келет, топуракта бир канча жылга, малдын тарпында, кыкта 6 айга чейин сакталат. Көбүнчө 3 айдан 4 жашка чейинки бодо, уяң, кылчык жүндүү жана эт, жүн багытындагы койлор ылаңдайт. Меринос тукумундагы жана кылчык жүндүү жергиликтүү койлор ылаңга туруктуу дөөлөрдүн негизинде аныктайт. Карасанды сибирь кулгунасынан жана килең шишигинен айырмалоо зарыл. Карасанга эрте диагноз коюп, дарылоо кечиктирилбей башталса гана ийгиликке жетишүүгө болот. Ылаң байкалган жерде карасанга каршы концентрациялык формолвакцина (өлүү) же тирүү вакцина колдонулат. Ылаң чыккан чарбаларга карантин коюлат. Карасан Кыргызстанда да кездешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×