Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 05.10.2018 10:07

Нарын районунда малдардын котур оорусуна каршы эмдөө жүргүзүлүүдө (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Жан-Булак айылында малдардын котур оорусуна каршы эмдөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдын жайыт комитетинин төрагасы Алтынбек Ташболотов маалымдады.

Анын билдиргенине караганда, малдарды анын ичинен майда жандыктарды котур жана башка тери ооруларынан сактоо үчүн жыл сайын эки маал күпкөгө салуу иштери жүрөт.

«Биздин айылдагы статистикалык маалыматта майда жандыктын саны 14 миң 700, уйдун саны 1616, жылкы 2400 башты түзөт. Нарын шаарынан мал кошкондорду эсептегенде мындан көбүрөөк болот. Бүгүнкү күндө күпкөгө 6 миңдей майда жандык салынды. Алардын ар бирин 10 сомдон салуудабыз.

Малды жыл сайын эки маал жазында жана күзүндө котур оорусуна жана тери ооруларына карата дарылап турабыз. Буга чейин айылда ветеринардык клиниканын жоктугунан малдарды колго жасалган күпкөгө салып, бир топ көйгөй жаралып келчү. Быйыл айылга 2 млн сомго жаңы ветеринардык клиника курулуп, шарттар түзүлүп калды», - деди А.Ташболотов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×