Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 04.10.2018 16:35 На русском

Нарын районунда Ишкерлер күнүнө карата форум болуп өттү (сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Салкын-Төр эс алуу аймагында Ишкерлер күнүнө карата форум болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган форумга Нарын районундагы ишкерлер, Соода-өнөр жай палатасынын, туризм ассоциациясынын, Европа инвеcтиция банкынын, райондук мамлекеттик администрациясынын жана Ысык-Көлдөн келишкен туризм тармагындагы ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Форумду Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Роза Жумаева ачкан. Андан кийин Нарын районунун акими Семетей Черикбаев райондо туризмди өнүктүрүү боюнча маалымат берип, сунуштарын айтты. Форумдун жүрүшүндө анын катышуучулары өздөрүнүн иш тажрыйбалары менен бөлүшүп, сунуштарын беришти. Жыйынтыгында форумдун катышуучулары 10 пункттан турган резолюция кабыл алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×