Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 04.10.2018 12:52 На русском

Нарында түн ичинде сыртка жылаңаяк чыгып дайынсыз жоголгон Г.Абылованын жансыз денеси табылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Миң-Булак айылынын дайынсыз жоголгон 36 жаштагы тургуну Гүлина Абылованын жансыз денеси Нарын дарыясынын жээгинен табылды. Бул маалыматты аймактык кабарчыга маркумдун жездеси Кубанбек Жүдөмүшов билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 3-октябрда болжол менен саат 14:00дө Миң-Булак айылында кой кайтарып жүргөн адам Нарын дарыясынын жээгинде белгисиз аялдын жансыз денеси жаткандыгын көрүп, дароо милиция кызматкерлерине кабарлаган. Аталган жерге Нарын РИИБдин кызматкерлери, куткаруучулар жана жездеси барган.

Маркумдун денеси соттук-медициналык экспертизага жеткирилген. Алдын ала корутунду боюнча, денеде киши колдуу болгон белгилер жок.

Буга чейин Гүлина Абылова 24-сентябрда түнкү саат 11:00 чамасында Миң-Булак айылында жашаган жездесинин үйүнөн жылаңаяк чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгы маалымдалган.

Ал 1982-жылы 8-март айылында төрөлгөн. Анын артында 2 баласы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×