Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 04.10.2018 10:12 На русском

Миң-булактыктар айылдагы жаңы мектептин курулушу бүтпөй жатканына нааразы (сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Миң-Булак айыл аймагында курулушу 2016-жылы башталып, ошол эле жылы пайдаланууга берилет делген Токтогул Байсалов атындагы орто мектептин жаңы имараты эшигин ача элек. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, жаңы курулган мектеп сапатсыз да салынган. Жылуулук берүүчү батареялар жука алюминийден коюлса, мектептин кире беришине чоң электр жабдуусу орнотулган. Ошондой эле көмүрканасы дагы талапка ылайык болбой, өтө кичинекей курулуп калган.

Мектеп директору Тынчтык Аманкулов: «Мектеп 2016-жылы бюджеттин эсебине кирген. Курулушу ошол жылдын жаз айында башталып, кайра эле 1-декабрда ишке берилмек. Бирок 3 жылдан бери курулушу аяктабай келет. Бул мектепти тендерден утуп алган компания салып, 44 млн сом каражатты мамлекет бөлүп берген. Учурда дубан башчысы менен райондун акими дагы жүгүрүп, кийлигишип жатышат. Куруп жаткан компания 1-октябрга чейин бүтөт деп убада берип кетишкен эле», - деди ал.

Жаңы мектеп 150 орундуу болуп курулуп жатат. Анын ичинде спорт зал, ашкана, китепкана, даараткана жана жуунучу жай болот. Учурда Токтогул Байсалов атындагы орто мектепте жалпы 28 мугалим иштеп, 220 окуучу жана даярдоо классында 20 окуучу билим алып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×