Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 04.10.2018 09:06

Нарындын Чет-Нура айыл өкмөтүнө жаңы айыл чарба техникасы алынды (сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Чет-Нура айыл өкмөтүнө долбоор аркылуу заманбап үлгүдөгү жаңы айыл чарба техникасы тапшырылды. Бул тууралуу АРИСтин эксперти Улан Орозакунов билдирди.

Маалым болгондой, «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү 1» долбоорунун алкагында 1,8 метр куб көлөмүндөгү жүктөгүч унаа алынган.

«Анын бир бөлүгү долбоор аркылуу каржыланса, калган бөлүгү жайыт комитети жана элдин салымы аркылуу каржыланды. Эми ал айыл аймактагы жолдорду оңдоого пайдаланылат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×