Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 03.10.2018 16:01

Айыл турмушу: Айылдык имам А.Мукаев 3 жылдан бери балчылык менен алектенип, жакшы киреше табууда (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Жан-Булак айылынын 50 жаштагы тургуну Арстанбек Мукаев балчылык өнөрүн өздөштүрүп киреше табууда. Аны менен аймактык кабарчы менен маектешип келди.

Арстанбек Мукаевдин билдиргенине караганда, айылдагы мечиттин имамы болуп кызмат кылып келгенине көп жыл болгон. Ал эми балчылык өнөрүн 3 жылдан бери үй-бүлөсү менен чогуу өздөштүрүп келет.

«Балчылык менен алектенип келе жатканыма 3 жылдын жүзү болду. Балчылык менен алектенем деген ой деле жок болчу. Жан-Булакка терек-суулук Акылбек деген байке келген. Анын үй-бүлөсү менен катышып жүрүп, Акылбек байкенин аялы менин жубайыма балчылыктын сырларын үйрөтүп койгон экен. Бир күнү жубайым "биз дагы бал чогулталы, балчылык менен алектенели" деп калды. Ошентип колуктум менен кеңешип, алгач Бишкек шаарынан эки бал челекти карпат деген аары менен чогуу сатып алдык. Башында аарыны кармап баккандан коркуп жүрдүк. Эки челек менен баштаган ишибизди өнүктүрүп, быйыл бал челектин санын 15ке жеткирдик. Балчылык менен алектенүү түйшүктүү деле эмес. Болгону сезон убактарында жер которуу учурунда гана транспортко каражат сарпталат. Биринчи балдын “май” деген түрүн жаз мезгилинде чогултабыз, мунун дарычылыгы абдан жогору. Андан кийинки мезгилдерде эспарцеттин балын чогултуп алабыз. Аары челектерди көбөйтүш оңой эле болгону менен балчылыкты, аарыны кармоону жакшылап үйрөнүш керек», - деди ал.

Арстанбек Мукаев быйыл 15 бал челегинен жарым тонна бал алганын, аларды туугандарына бергенден сырткары кошумча 50 миң сом киреше тапкандыгын айтып берди.

«Балдын 1 кг салмагын 250 сомдон сатабыз. Балды айылдагы тургундар, туугандарым сатып алышат. Өзүм айылдагы чоң мечиттин имамы болуп кызмат кылам. Башында "балчылар мага балчылык менен алектенсең имамдыкты таштооң керек, себеби убактың жетишпей калат" дешти. Бирок аарыны колуктум, балдарым менен бирге кармагандыктан, эки ишти бирдей алып кеттим. Мындан тышкары дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенебиз», - деди А.Мукаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×