Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 03.10.2018 14:29

Нарындын Жан-Булак айылына 2 млн сомго ветеринардык клиника курулду (сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Жан-Булак айыл өкмөтүндө 2 млн 19 миң сомго ветеринардык клиника курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдын жайыт комитетинин төрагасы Алтынбек Ташболотов билдирди.

Анын айтымында, айылда буга чейин ветеринардык клиниканын жоктугунан улам малды текшерүүдө убара тартып келишкен.

«Ветеринардык клиниканы курууга 2 млн 19 миң сом жумшалды. Долбоор аркылуу Аристин жардамы менен бүткөрүлүп, ишке берилүү алдында турат. Арис тарабынан 1 млн 600 миң сом берилип, 180 миң сомун накталай каражат катары өзүбүз бөлдүк. Калган 500 миң сом каражатка өзүбүз жумуштарды аткардык. Клиника айылдын кире беришине курулуп, анда бардык шарттар каралган», - деди А.Ташболотов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×