Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 01.10.2018 10:11

Нарында мугалимдер арасында өткөн спорттук спартакиаданын жеңүүчүлөрү сыйланышты (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун билим берүү кызматкерлеринин арасында спорттун жети түрү боюнча райондук спартакиада болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ага мугалимдер жана тарбиячылардан куралган 6 команда катышты. Спартакиаданын жүрүшүндө командалар тогуз коргоол, шахмат, аркан тартыш, кол күрөш, волейбол, кичи футбол, теннис оюндары боюнча өз ара беттешти. Бул турнир мугалимдердин кесиптик күнүнө арналган.

Оюндун жыйынтыгында Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Белеков кесиптештерин майрамы менен куттуктап, жеңүүчүлөргө кубок, дипломдорду тапшырды. Жалпы командалык эсепте Эмгекчил өрөөнүнүн мектептеринин командасы 1-орунду, 2-орунду Куланак өрөөнүнүн, 3-орунду Дөбөлү өрөөнүнүн командалары камсыз кылышкан. Мындан тышкары 1-2-3-орундарды ээлеген спортчуларга тиешелүү даражадагы дипломдор тапшырылып, акчалай сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×