Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 01.10.2018 09:54 На русском

Нарын районунда туризмди өнүктүрүү талкууланды (сүрөт)

Turmush -  Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында туризмди өнүктүрүүгө арналган жыйын өтүп, ага туризм тармагында иштеген өкүлдөр, жеке ишкерлер, кол өнөрчүлөр катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жыйында катышуучулар тарабынан туризм тармагын мындан ары өнүктүрүүгө карата ой-пикирлер, сунуштар айтылды. Ошондой эле райондун аймагындагы тарыхый мааниси бар жайларда туристтерди тартууга карата бир катар иштер жасалгандыгы белгиленди. Мисалы, Соң-Көл жайлоосунун Кыргоо участкасынын 80 гектар жеринде эс алуу жайы калкка кызмат көрсөттү. Соң-Көл жайлоосундагы «Айтбек», Дөбөлү аймагындагы «Салкын-Төр», «Үсөнбак», Орток аймагындагы «Бугу-Марал» питомнигинде, Учкун аймагындагы «Жылуу суу», Жерге-Тал, Он-Арча аймактарында туристтер үчүн соода күркөлөрү уюштурулган. Эс алуучу жайларда улуттук оюндардан салбурун, куш салуу уюштурулган. Ошондой эле эс алуучу жайларга баруучу жолдорго белгилер коюлган. Ал эми Орток айыл аймагындагы Табылдынын үңкүрү, Соң-Көл жайлоосундагы Аккуланын мамысы, Он-Арча суусунун багытындагы палеолит, неолит таштарын көрүүгө келген туристтер көп болду.

Нарындын аймагында 870 музейлик фонд бар. Дөбөлү айылдык тарыхый-этнографиялык музей маданий жактан үзгүлтүксүз тейлеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×