Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 29.09.2018 10:06

Учкун айылындагы мектепти Назира Касымбекова жетектейт

Turmush -  Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Э.Токсобаев атындагы орто мектебинин директору болуп Касымбекова Назира Кубанычбековна дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Н.Касымбекова 1985-жылы Нарын районундагы Он-Арча айылында төрөлгөн. 2002-жылы Ж.Иманалиев атындагы орто мектебин аяктап, Нарын мамлекеттик университетинде физика адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.

Касымбекова Назира

Эмгек жолун Бишкек шаарындагы №21 мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштап, 2010-2013-жылдары аталган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. «Жыл мугалими» райондук кароо-сынагында баш байгеге ээ болуп, окуучулары интеллектуалдык кароо-сынактардын республикалык турунда 1-2-орундарды камсыз кылууда. Ошондой эле «Чилистен» республикалык сынагында окуучусу экөө 1-орунду камсыз кылышкан.

Жаңы директор үй-бүлөлүү, бир уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×