Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 28.09.2018 17:01

Нарында түн ичинде сыртка жылаңаяк чыгып дайынсыз жоголгон миң-булактык тургун изделүүдө

Turmush -  Нарын районунун Миң-Булак айылынын 36 жаштагы тургуну Гүлина Абылова изделип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын айылдаштары билдиришти.

Алардын айтымында, Гүлина Абылова 24-сентябрда түнкү саат 11:00 чамасында Миң-Булак айылында жашаган жездесинин үйүнөн жылаңаяк чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.

Кийген кийимдери: ак сызыктары бар спорттук кийим, белинде кызгылт өңдөгү жоолук бар, кара шым, кызыл байпак.

Гүлина Абылованы көргөндөр 0 705-09-39-39 номуруна чала алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×