Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 27.09.2018 15:51 На русском

Нарын районунда Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жаңы курулган 31 объект ишке берилди

Turmush -  Нарын районунда 2018-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жылына карата 31 объекттин курулушу бүткөрүлүп ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган жылдын алкагында Нарын районунда бир катар айыл чарба, мал чарба жана өндүрүш тармактарында 31 объект бүткөрүлүп ишке берилген. Алардын негизгилери ветеринардык комплекстер, клиникалар жана социалдык, билим берүү тармактарындагы имараттар, ошондой эле сүттү кайра иштетүүчү цехтер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×