Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 29.09.2018 18:14 Жаңыланды: 29.09.2018 18:14

Айыл турмушу: Баатыр эне Г.Токтогулова кыздарына септи өзү даярдап берген (сүрөт)

Turmush -  Нарын районундагы Миң-Булак айылынын 67 жаштагы тургуну Гүлжамал Токтогулова 7 баланы өстүрүп, 17 неберелүү болду. Баатыр эне менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлжамал Токтогулова аталган райондун Казан-Куйган айылында 1951-жылы жылы төрөлүп, Пржевальскийдеги (азыркы Каракол шаары) окуу жайда окуп, 1971-жылы турмушка чыккан. Гүлжамал апа уул-кыздары билим алып, өз ордуларын таап, эмгектенип жатышканына ыраазы. Ал шырдак, ала кийиз, көлдөлөң жасап, сайма сайып, кол өнөрчүлүк менен алек.

«Жолдошум Нарын ОИИБде иштеп, андан кийин паспорт берүүчү мекемеде жетекчи болду. Ал кант диабети оорусунан көз жумду. Экөөбүз жалпы 8 балалуу болуп, 1 кызым чарчап калган. Азыр уул-кыздарымдын баары үйлөнүп-жайланып, жашоодо өз орундарын табышты. Баары ар кандай кесипти аркалап жүрүшөт. Учурда эң кичүү уулум менен турам.

Өзүм кол өнөрчүлүк менен алек болуп келем. Көлдөлөң, шырдак жасап, сайма саям. Кыздарымдын баарына септи өзүм камдап бергем. Балдарым мага жардам берип, кийиз жасашчу. Бир күнү мен эшикте жүн сабап жатсам, 2 балам үйдө керебетте секирип ойноп жатыптыр. Ачуум келип, кийим илгич менен чапсам, эң улуу баламдын көзү шишип чыкты. Атасынан коркуп, урушат болуш керек деп жатсам, урушкан эмес», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×