Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 26.09.2018 12:11 На русском

Айыл турмушу: 11 баланы өстүргөн Ширин апа небере-чөбөрөлөрүнүн сый-урматын көрүүдө (сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын 80 жаштагы тургуну Ширин Жакыпова 11 баланы өстүрүп, 48 небере жана 30 чөбөрөлүү болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ширин Жакыпова 1938-жылы Кочкор районунун Теңдик айылында төрөлгөн. Ал 19 жашында Миң-Булак айылындагы жигитке турмушка чыгып, жолдошу экөө 11 балалуу болушкан. Ширин апа учурда уул-кыздарынын, небере-чөбөрөлөрүнүн сыйын көрүп, бактылуу карылыктын доорун сүрүүдө.

«Бишкек шаарындагы техникумду окуп бүтүрдүм, бирок турмуш шартка байланыштуу иштеген жокмун. Буга карабастан колхоздун бардык жумушунда иштедим. Бир баламды жонума, экинчисин астыма көтөрүп, эчен жумушта иштедим. 19 жашымда Миң-Булак айылына келин болдум. Абышкам жогорку окуу жайды бүткөн. Союз учурунда журт башкарып, 1992-жылы башкарма болуп жүрүп көз жумду. 11 балам, 48 небере, 30 чөбөрөм бар. Кудайга шүгүр, балдарым ыймандуу, билимдүү, эмгекчил. Уулдарымдын бири ассоциациянын президенти, экинчиси башкы директор, дагы бири айдоочу болуп эмгектенишет. Ал эми кыздарым мугалим, дарыгер, фармацевт кесиптерин тандашты.

Азыр эң кичүү баламдын колундамын. Кышкысын Бишкекте болом, жайкысын салкынга карап ден соолугума байланыштуу айылга келем. Эң улуу жана эң кичүү уулдарым айылда турат. Быйыл 80 жашка чыгам. Буйрук ушул экен, кыздарды турмушка бердим, балдарды үйлөнттүм. Небере-чөбөрөлөрүмдүн баары тең эле энекелеп, этек-жеңимден тартып, "мага кел" деп турушат. Неберелериң талашып турса сыймыктанат экенсиң. Ардактуу пенсионер, баатыр эне, лидер айым аталдым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×